Элдик курултайдын катышуучулары тууну өзгөртүү боюнча өз пикирин билдиришти
RU

Элдик курултайдын катышуучулары тууну өзгөртүү боюнча өз пикирин билдиришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-декабрда экинчи Элдик курултай биринчи күнү өттү. Kaktus.kg редакциясы өлкөнүн желегин өзгөртүү боюнча курултайдын катышуучуларынын пикирин сурады.

Ысык-Көл облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров менен президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев желекти өзгөртүү маселесин Жогорку Кеңеш чечет деп жооп беришти. Алар өз пикирлерин айтуудан карманышты.

Депутат Аида Исатбек кызы да бул маселе боюнча жарандык позициясын билдирген жок, бирок "Жогорку Кеңеш президенттин пикирин угуп, чечим кабыл алат" деп белгиледи.

Курултайдын эки катышуучусу, легендарлуу парламенттин экс-депутаттары да өз пикирин билдиришти.

"Мен ошол желекти кабыл алган легендарлуу парламенттин депутатымын. Бүгүнкү күндө дагы көптөгөн суроолор, көйгөйлөр бар болуп жатса, алар желекти алмаштыргысы келип жатат. Бул чын эле туурабы? Бул биздин тарыхыбыз. Башка көйгөйлөр жокпу? Айланада көптөгөн көйгөйлөр бар. Ошол желекти кабыл алган депутаттардын бири катары менде абдан чоң таарыныч болуп жатат.

Ал эми тууну өзгөртүүгө макул болуп жаткан авторлор Кудайдын алдында өздөрү жооп беришет. Желектен башка өлкөдө маселе толтура", - деди экс-депутаттардын бири.

"Легендарлуу парламенттин депутаты катары желегибиздин кабыл алынышына катышкам. Кээ бирлери ошондо эле желекти, символикаларды өзгөртүүнү жактап чыгышкан. Мен анда каршы болгом. Азыр бул маселе Жогорку Кеңеште каралып жатат. Менин оюмча, алар калыстык менен, ойлонуп чечим кабыл алышы керек.10-15 жыл мурун айткам, желек алмаштыруунун кереги жок деп. Бир убакта желек алмаштырыш керек болот, анан каалайбызбы, каалабайбызбы өзгөрүшүбүз керек. Балким, ал учур келди. Депутаттар бир чечимге келет",- деп жооп берди дагы бир экс-депутат.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев "чындык ортодо" деп эсептейт.

"30 жыл эски желек менен жашадык. Азыркы бийлик реформа жүргүзүп жатат. ИДП бир триллионго жетти. Муну эл көрүп жатат. Ошондуктан чындык ортодо. Менимче, желектин жарымын өзгөртүп, жарымын ошол бойдон калтырыш керек. Бул сунушту бийлик азырынча айта элек. Эл өзгөртүүгө каршы болуп жатса, ушул сунушту караштырып көрүшү керек", - деди Бакетаев.

Эске салсак, сентябрдын аягында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов өлкөнүн желегин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышкан. Идеяга болгон мамиле Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев колдогондон кийин өзгөрдү. Президент "Кудай буйруса бул вариант өтүп кетсе, мындан ары көз каранды болбой калабыз" деп өзүнүн вариантын сунуштады. Ал желекти алмаштыргандан кийин "күн нурундай өнүккөн жана эгемендүү өлкө болобуз" деп кошумчалаган.

Желектин өзгөрүшү коомчулуктун сынына жана нааразычылыгын жаратты. Бирок ага карабастан 28-ноябрда Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети бир добуштан желекти өзгөртүүнү колдоду. Бир күндөн кийин мыйзам долбоору парламент жана министрлер кабинети тарабынан биринчи окууда колдоого алынды.

Тууну өзгөртүү боюнча пикирлерин желектин авторлору да билдирип, алардын айрымдары өзгөртүүнү колдоп жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15139