Чек арага чектеш айылдын тургуну: Чыр-чатак айылыбызды ыдыратты, мени билим алууга түрттү
RU

Чек арага чектеш айылдын тургуну: Чыр-чатак айылыбызды ыдыратты, мени билим алууга түрттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айсалкын Абдуллоева - Баткен облусунун Орто-Боз айылына караштуу Көк-Терек тилкесинин тургуну, учурда Баткен шаарында турат. Ал мектепти аяктары менен эле Россияга эмгектенге кеткен. 13 жылдан кийин медициналык билим алуу максатында колледжге тапшырган. Айсалкын айым жогорку билим алууга 2021-жылдагы кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги жаңжал түрткү болгонун айтып, жашоосундагы, үй-бүлөсүндөгү өзгөрүүлөр тууралуу Kaktus.media сайтына баяндап берди.

Көптөгөн үйлөр ээнсиреп, кароосуз калды

"Биз буга чейин тынчтыкта жашачубуз. Мынчалык чоң жаңжалга айланат деп ойлогон эмеспиз. Буга чейин албетте чек арада анча-мынча чыр-чатактар ​​болгон. Бирок алар тез эле чечилчү", - деп эскерди Айсалкын Абдуллоева.

Айтымында, 2021-жылдагы жаңжалдан кийин тургундар үйлөрүн жана бардык мүлктөрүн таштап качууга аргасыз болушкан.

"Ошондон бери өз чамгарагыбызда тынч жашай албай калдык, 2021-жылдагы окуядан кийин коопсуз жерге чатырларды тигип беришип, чатырда жашаганбыз. Андан кийин туугандарыбыздыкында баш калкаладык. Айылыбызга кайтып келгенден кийин бир-эки ай тынч жашадык, анан кайра жаңжал чыкты. Былтыр (ред.: 2022-жылы) сентябрь айынан бери үйдө болбой калдык", - дейт ал.

Жаңжал учурунда Айсалкын Абдуллоеванын үйү да күйүп кеткен. Өкмөт жаңы үйлөрдү куруп бергени менен тургундар үйлөрүнө барууга ниеттенген жок. Анткени чек ара маселеси так чечилишин күтүшүүдө.

"Бизге бардык шарттары менен жаңы үйлөрдү куруп беришти. Бул үчүн биз бийликке ыраазыбыз. Жаңы курулган үйлөр ушунчалык жакшы болсо да биз айылыбызга кайтуудан кооптонобуз. Өзүбүздү ойлобосок да, балдарыбыз үчүн тынчсызданабыз. Алар эркин ойноп, чуркап жүрө алышпайт. Анткени алар болуп өткөн окуяларды унута элек. Жаңжал балдар үчүн да, чоңдор үчүн да катуу сокку болду. Өз үйүңдө бейкапар уктап жатканда эле капысынан дароо качууга туура келет. Азыр балдар шыбыр укканда эле ок атылат деп ордунан ыргып тура калышат. Ооба, чоңдор дагы коркуп турабыз. Эмне күтүп турганы белгисиз", - дейт.

Үй-бүлө мүчөлөрүбүздүн документтери такай сумкамда жүрөт. Сумка күнү-түнү жанымда.

Айсалкын айым Орто-Боз айылына караштуу Көк-Терек участкасында жашайт. Аталган тилке Төрт-Көчөгө жакын жайгашкан. Бул жерде болгону 18 кыргыз үй-бүлө отурукташкан. Төрт-Көчө - Тажикстандын Ворух анклавынын тургундары Тажикстанга бара турган жол менен Ош-Исфана автожолунун кесилишкен жери. Жергиликтүү тургундар Төрт-Көчөдөгү кесилишкен жолду видеого тартууга уруксат беришкен жок. Алар тажик аскерлери бул аракетке каршы болушат деп кооптонушту.

Биздин айылга Төрт-Көчө аркылуу келсе болот, ал үчүн Баткенден келе жатканда оңго бурулуу керек. Биз үйүбүзгө тажик жери аркылуу келебиз, кошуналарыбыз да тажиктер.

Учурда 18 үй-бүлө тең Кыргызстандын ар кайсы айыл, шаарларында жашайт. Алар чыр-чатак кайталанып кетпесин деген коркуудан улам үйлөрүнө кайта элек.

Kaktus.media редакциясынын тартуучу тобу Көк-Терек тилкесине барган учурда 18 үйдүн баары кулпуланган, бактары, короолору кароосуз калганына күбө болду. Көк-Терек участогуна кеткен көчөдө кыргыз номурлуу унаалар дээрлик жок. Айылда да, көчөдө да кыймыл жок. Ал эми тажик аскерлери Төрт-Көчөнүн кесилишинде кызматтарын өтөп жатышыптыр.

Чыр-чатактардан кийин Баткен районунун чек ара айылдарындагы көптөгөн тургундар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Калыбына келтирилгенден кийин канча адам үйлөрүнө кайтып келгени так белгисиз. Айрымдары чыр-чатактын кайталануусунан чочулап, чек ара маселелери чечилгиче күтүүнү туура көрүшсө, башкалары биротоло эле көчүп кетишкен.

"Чек ара маселеси ачык бойдон калып, көбү кайтып келүүнү каалашпайт. Сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандай, бирок алар эмне жана кандай чечим чыгарганын азырынча так билбейбиз. Эки жылдан бери чыр-чатактар ​​болуп келгендиктен тургундардын үйлөрүнө кайтуу ниети жок. Барар жери жок же баары тез арада чечилет деп ишенгендер эле калышты. Мен экинчисине кирем. Жакшылыктан үмүт кылып, ушул жерде жашай берем", - дейт Самаркандек айылынын жашоочусу, таксист болуп жан баккан Айбек (каармандын суранычы менен аты өзгөртүлдү).

Айбек мырза, эгер анын үйү Төрт-Көчө аркылуу өтүүчү Көк-Терек участкасында болгондо ал жакта жашоо үчүн калбай турганын жашырган жок.

"Аталган тилке жана ага баруучу жолдор талаштуу аймак бойдон калууда. Мен ал жакта калуу үчүн тобокелдикке барбайт элем. Менин үйүм чек арага жакын жайгашканы менен үйдүн терезелери коңшу өлкө көзөмөлдөгөн көчөнү карагандай жакын эмес", - деп кошумчалады ал.

Арка айылынын базарындагы соодагерлер да, аймактын айрым тургундары көчүп кеткендиги тууралуу айтып беришкен.

Жашоо-турмушту өзгөрткөн чыр-чатак

"Мурда абдан тынч жашачубуз. Эми мындай тынчтык кайра келбейт окшойт. Тынчтыктын баркын жоготкондо гана түшүнөт экенсиң. 2021-жылдагы жаңжалдан кийин айылыбыз, үй-бүлөбүз ыдырап кетти", - дейт Айсалкын айым.

Айылдагы жашоочулардын айрымдары тууганынын үйүндө, кээ бирлери ижарага үй алып жашашат. Каржылык кыйынчылыктардан улам үй-бүлө мүчөлөрү ар кайсы жакка чачырап да кетишкен. Айсалкын Абдуллоева окуусуна байланыштуу кичүү кызы менен Баткен шаарында жашайт. Ал эми күйөөсү улуу кызы, баласы менен ата-энесинин үйүндө калууда.

"Жаңжалдан кийин үйсүз калып, келечекте жашообуз кандай болот деп ойлондук. Жолдошум дагы, мен дагы атайын орто же жогорку билим алган эмеспиз. Мектепти аяктагандан кийин Москвага иштегенге кеттик. Анан үйлөндүк, жаңы милдеттер пайда болду. Миграцияда көп жыл бою мээнет кылып курган үйүбүз өрттөнүп кетти", - дейт Айсалкын айым.

Тапканыбыздын баары күйүп кеткенден кийин мүлкү жок калдык. Миграция ден соолугубузга да таасирин тийгизди. Демек, өзүбүздөн башка эч нерсебиз калбады…

Ушундан кийин Айсалкын айым жолдошу экөө ойлонуп, бир нече маанилүү чечимдерди кабыл алышкан.

"Үч балабыз бар, кыздарыбыз мектеп окуучусу, уулубуз бала бакчага барат. Чоң кызым жакшы мектепке которулду. Кичүү кызыбызды быйыл Баткен шаарындагы англис тилин тереңдетип окуткан жеке менчик мектепке орус класска жибердик. Биз Москвага барганда тил билбегендиктен жакшы жумушка орношо албай кыйналганбыз. Балдар чет өлкөгө иштегени барып калышса жок дегенде орус тилин билсе анчалык кыйынчылык жаралбайт", - дейт ал.

А.Абдуллоева балдар башка өлкөлөргө барып иштегенге аргасыз болбой, алган билимин өз өлкөсүнүн кызыкчылыгына жумшайт деген үмүттө. Ал өзү Баткендеги медициналык колледжге тапшырып, фармацевт адистиги боюнча билим алууда. Окуу оңой болгон жок, анткени ал мектепти 13 жыл мурун бүтүргөн. Ошого карабастан үч баланын энеси оптимизм менен экинчи курста окуп жатат.

"Мектепти бүткөндөн кийин жогорку окуу жайга тапшырууга мүмкүнчүлүк жок болчу. Андан кийин турмушка чыктым, балалуу болдум. Негизинен өзүмдүн билим алганга убактым жок эле. Бирок менин жашоодогу максатым - колумдан келсе адамдарга жардам берүү", - дейт.

Эми менин дипломум болот, иштеп, айлык алам. Бул жок дегенде балдарымдын суранычтарын аткарганга мүмкүнчүлүк берет.

Айсалкын айым жолдошу экөө жакшы жашоо үчүн учурда болгон аракеттерин жумшап жатышат. Балдардын атасы айылда кандай жумуш болсо да иштеп, акча табат. Азырынча тапкан каражат балдардын жана Айсалкын айымдын окуусуна жумшалууда. Жубайлар азыркы аракеттери алдыда жакшы жашоо үчүн шарт түзөрүнө ишенишет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15171