Сойкулукка каршы күрөш. Биринчи Май районунун акими менен милициянын майору иштен алынды
RU

Сойкулукка каршы күрөш. Биринчи Май районунун акими менен милициянын майору иштен алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Биринчи Май районунда кыздарды сойкулукка жана бузукулукка үндөгөн деп 4 адам кармалган. Бул фактыдан кийин Биринчи Май РИИБдин бөлүм башчысы кызматынан бошотулду. Бул туурасында Бишкек ШИИББден билдиришти.

Маалым болгондой, 23-декабрда активист Болот Ибрагимов социалдык тармактагы баракчасына Кулиев көчөсүндөгү мейманканалардын биринде кыздар акчалай сыйлыкка интимдик кызмат көрсөтүп жаткан видеону жарыялаган.

Бул боюнча 160-беренеге (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 21 жаран аныкталып, РИИБдин тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Алардын ичинен кылмышка шектүү катары 1978-жылы туулган К.М., 1988-жылы туулган Т.С., 1964-жылы туулган Б.Г., 1966-жылы туулган С.С. убактылуу кармоочу жайа киргизилди. Учурда кылмыш иликтөө иштери уланууда.

ИИМдин Бишкек шаары боюнча Ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында райондук башкармалыктын жана Бишкек ШИИББдин 10 жетекчиси укук коргоо органдарынын дисциплинардык уставынын жана Ички иштер министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Анын ичинде Биринчи Май РИИБдин №8 бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору С.Т. кызматынан бошотулду.

Ошондой эле интимдик кызматтарды мыйзамсыз көрсөтүүчү жайлардын ишин бөгөттөө боюнча иштердин алкагында Биринчи Май районунун акими жумуштан алынды. Бул туурасында коопсуздук комиеттин төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын Чүй облусу боюнча Москва райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын расмий ачылышында айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15198