Ташиев Кыргызстанда интимдик кызмат көрсөткөн бир дагы жай болбой турганын айтты
RU

Ташиев Кыргызстанда интимдик кызмат көрсөткөн бир дагы жай болбой турганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эми Кыргызстандын аймагында бир дагы интим кызмат көрсөткөн түйүн болбой турганын айтты. Бул туурасында генерал-лейтенант УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча Балыкчы шаардык башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышнда билдирди.

Өз сөзүндө Камчыбек Ташиев УКМК кызматкерлеринин оперативдүү иш-чараларынын артыкчылыктуу милдети катары жарандарга интимдик кызмат көрсөткөн ар кандай оюн-зоок жайларын, мончо комплекстерин жана сойкуканаларды уюштуруудагы мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу экенин белгиледи.

"Кыргызстандын аймагында бир дагы интим кызмат көрсөткөн түйүн болбойт. Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине 2023-жылдын 1-декабрына чейин республика боюнча мындай мекемелердин ишин токтотуу тапшырмасы берилди. Кайсыл аймактан мындай жай табылса, ошол жердин жергиликтүү бийлик башчылары, күч түзүмдөрүнүн башчылары дароо кызматтан алынат", - деди Ташиев.

Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук органдарынын дагы бир приоритеттүү милдети - коррупциялык иштерге активдүү катыштыгы бар Фемида өкүлдөрү жана сот системасындагы паракорчулукка каршы активдүү күрөш жүргүзүү экенин белгиледи.

Андан тышкары республикадагы кырдаалдын үчүнчү терс көрүнүшү катары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында аткезчилик кайра жанданганын кошумчалады. Буга байланыштуу мамлекеттик бийлик органдарынын жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине Баткен облусунун аймагындагы аткезчиликти толугу менен токтотууга багытталган комплекстүү иш-чараларды күчөтүү зарылчылыгы айтылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15057