Президент айрым ишкерлер инвесторлорду алдап кеткенин айтып, эскертүү берди
RU

Президент айрым ишкерлер инвесторлорду алдап кеткенин айтып, эскертүү берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаров инвесторлорду алдап кеткен учурлар болуп жатканын айтып кайрылуу жасады. Айтымында, айрым жеке ишкерлердин үстүнөн алдамчылык боюнча арыз түшүп жатат.

"Акыркы жылдары биздин өлкөгө чет мамлекеттерден инвесторлор көп келе башташты. Албетте, бул бизди абдан кубандырат. Себеби сырттан инвестиция кирбесе, өлкөнүн өнүгүшү кыйын.

Тилекке каршы, айрым инвесторлорду жеке ишкерлер алдап кеткен учурлар катталып, алар арыз жазып жатышат. Күч органдары андайларды камакка алып, инвестордун акчасын кайтарып берүүдө. Бул аларга ашыкча түйшүк жаратып, өлкөбүздүн аброюн түшүрүүдө.

Кыргызда "Бир карын майды бир кумалак чиритет" деген таамай айтылган сөз бар. Арабыздан анча-мынча тентектер чыгып жатат. Алдамчылык жарытпайт, туугандар. Токтоткула мындайды", - деп кайрылды.

Президент инвесторлорду мамлекеттик мекемелер аркылуу иштешүүгө чакырып, жетекчилерге эскертүү жасады.

"Колуңардан келишинче мамлекеттик мекемелер менен, мисалы Экономика жана коммерция министрлиги, Инвестиция тартуу боюнча агенттиги, облус, район, айыл өкмөт башчылары аркылуу иштесеңиздер ишенимдүү болот эле. Ал эми урматтуу жетекчилер, силер дагы инвесторлор менен тыгыз иштегиле. "Убактым жок. Эртең кел, бүрсүгүнү кел" деген сыяктуу бюрократиялар болбосун. Ар бириңердин ишиңерге силердин аймакка келген инвестордун санынан жана көлөмүнөн улам баа беребиз", - дейт өлкө башчы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15219