Инвестордон 200 миң доллар акча талап кылган ишкер кармалды
RU

Инвестордон 200 миң доллар акча талап кылган ишкер кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чет элдик инвестордон 200 миң доллар акча каражатын талап кылган жарандар кармалды. ИИМдин маалыматына караганда, шектүү президенттик хансарайдын жумушчуларын арыз жазууга мажбурлап, арыз менен ишкерди шантаж кылган.

24-сентябрда ИИМдин тергөө кызматына Х.С. аттуу чет мамлекеттин жараны арыз менен кайрылган. Айтымында, 22-августтан 16-сентябрга чейинки убакытта Т.Н. аттуу таанышы Ислам жана Фазиль аттуу уулдары менен үй-бүлөсүнө зыян келтиребиз деп коркуткан. Ошондой эле башка өлкөнүн 3 жаранын Х.С`га карата арыз жазууга мажбурлашкан. Анда президенттик администрациянын жаңы имаратын куруп жаткан жумушчулардын ар биринен 150 миң сом акча каражатын алган деп айтылган.

16-сентябрда саат 21:00 чамасында акча талап кылган киши ишкерди каматам деп жогорку кызматтагы адамдар менен коркутуп, республиканын укук коргоо органдары ага карата материалдарды жана арыздарды чогултуп жаткандыгы тууралуу терс маалыматтарды берип, дагы бир жолу жакшылап ойлонуусун айткан.

17-сентябрда саат 20:30 чамасында Т.Н. кафелердин биринде Х.С.ны шантаж кылууну улантып, жумушчулардын арызы менен коркутуп, 200 миң доллар талап кыла баштаган. Ошол эле күнү 1978-жылы туулган Н.Т.нын жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, анын BMW X7 үлгүсүндөгү унаасынан өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү баңги заты, темир кастети жана 11 даана патрон алынган.

Аталган кылмыш ишинин алкагында 24-сентябрында 2001-жылы туулган Н.И., 1997-жылы туулган М.Ф., башка өлкөнүн жараны кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

25-сентябрда 1978-жылы туулган Н.Т. кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев бул маалымат президентке жетип, ал териштирүү тапшырмасын бергенин айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14538