Ошто 9 жаштагы бала бычакталып каза тапты. Кылмышка эжеси шектелүүдө
RU

Ошто 9 жаштагы бала бычакталып каза тапты. Кылмышка эжеси шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто 18 жаштагы кыз өзүнүн бир тууган инисин өлтүргөнгө шектелүүдө. Шаардык ички иштер башкармалыгынан редакцияга билдиришкендей, 9 жаштагы бала алган жаракатынан улам каза болгон.

Белгилүү болгондой, 17-декабрда Ош шаардык ооруканасына 1986-жылы туулган аял 9 жаштагы баласын алып барган. Сол көкүрөгүнө бычак сайылган бала ооруканага жансыз абалда жеткирилген. Дарыгерлер бул тууралуу милицияга кабар беришкен.

Маалымат каттоого алынып, тергөөнүн жүрүшүндө баланы 18 жаштагы эжеси ашкана бычагы сайып, качып кеткени такталган. Кыз психикалык жактан жабыркай турганын жакындары билдиришип, ага психикалык эспертиза дайындалды.

Шектүү кармалган. Ош шаардык сотунун чечими менен аны 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: buryatia.sledcom.ru.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15223