Нарында аялын өлтүргөн деп соттолгон киши кылмышты ким жасаганын айтты
RU

Нарында аялын өлтүргөн деп соттолгон киши кылмышты ким жасаганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Нарын облусуна барып, укугу бузулган жарандардын маселесин укту. Акыйкатчы институттан билдиришкендей, алгач Жамиля Жаманбаева Нарын шаарындагы тергөө абагына барып, кармоо шарттары менен таанышты.

Камактагылар кармоо шарттарына арызданышкан эмес, бирок сот жыйындарынын маалында алардын укуктарын коргоо өтүнүч келтиришкен.

Соттолгондордун бири акыйкатчыга даттанып, өзүнүн версиясын айтып берди. Ал адам жубайын өлтүрбөсө дагы, аны киши өлтүрүүгө айыптап соттоп жибергенин айтып, укугун коргоп берүүнү өтүндү.

Анын айтымында, айылдаштары 20 миң сом акчасын алыш үчүн аны жарадар кылышып, андан кийин анын аялын өлтүрүшкөн.

"Алар мени күнөөлүү кылып салышты. Милиция кызматкерлери менин көрсөтмөлөрүмдү угушкан жок. Мен өзүмдүн аялымды өлтүрүп жана өзүмдү кантип бычак менен сайгыламак элем", - деп арызданды соттолгон адам.

Акыйкатчы аталган адамдын кейсин жеке көзөмөлүнө алды.

Ошондой эле өмүр бою эркинен ажыратылган, 2005-жылдан бери камакта жаткан киши паспорт алууга колдоо көрсөтүүнү өтүнгөн. Тергөө абагынын кызматкерлеринин маалыматына таянсак, аталган жарандын туулгандыгы тууралуу да күбөлүгү жок, буга байланыштуу паспорт берүү боюнча кыйынчылыктар келип чыгууда.

Акыйкатчы тергөө абагынын кызматкерлерин улуттук мыйзамдарга ылайык, камалгандардын укуктарын камсыздоого чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15134