Сүйүнчү! Ысык-Атада салмагы 6,5 кг болгон бала төрөлсө, Бишкекте үч эм төрөлдү
RU

Сүйүнчү! Ысык-Атада салмагы 6,5 кг болгон бала төрөлсө, Бишкекте үч эм төрөлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 3-январда Ысык-Ата райондук жалпы дарыгердик борборунда салмагы 6,5 кг болгон эркек бала төрөлдү. Маалыматты Kaktus.media сайтына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Бешинчи ирет наристелүү эне кесарево жолу менен төрөдү.

Ал эми кечээ, 2-январда Бишкек шаардык перинаталдык борбордо үч эм төрөлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, наристелердин үчөө тең кыз.

36 жаштагы аял кесарево жолу менен үч эм төрөгөн. Биринчи төрөлгөн кыз 2080 грамм, экинчиси 2340 грамм, үчүнчүсү 2140 грамм салмакта болгон. Учурда эненин жана наристелердин абалы туруктуу.

Келин борборго 28-декабрда кош бойлуу аялдардын патологиясы бөлүмүнө жаткырылып, стационардык дарыланууда болгон.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15249