Өлкөдө бир суткада 276 наристе төрөлдү
RU

Өлкөдө бир суткада 276 наристе төрөлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда бир суткада 276 бала төрөлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт үйүндө эки келин эгиз төрөдү.

Ыкчам алынган маалымат боюнча, 31-декабрь саат 08:00дөн 1-январь саат 8:00гө чейин Республика боюнча бардыгы болуп 276 бала төрөлгөн. Анын ичинен 143ү эркек жана 133ү кыз.

Эң көп төрөт Ошто катталды. Аймак боюнча – 88 наристе төрөлсө, Жалал-Абад облусунда – 57, Бишкек шаарында – 52 ымыркай төрөлдү. Калгандары өлкөнүн ар кайсы аймактарында жарык дүйнөгө келди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15233