Парламент кабыл алган желек эмнеге өзгөрүп кеткен? Дайырбек Орунбеков түшүндүрмө берди
RU

Парламент кабыл алган желек эмнеге өзгөрүп кеткен? Дайырбек Орунбеков түшүндүрмө берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1-январда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтына жаңы желек илинди. Көп өтпөй эле коомдо жаңы туу парламент тарабынан кабыл алынып, президент тарабынан жактырылган туудан айырмаланары, күндүн нурлары 40 эмес, 39 экени талкууланып, суроо жаратты.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматын жетектеген Дайырбек Орунбеков Жогорку Кеңеш кабыл алган желек эмнеге өзгөрүп кеткени боюнча соболго Facebook баракчасынан жооп берди.

"Туунун жаңы вариантын парламент кабыл алгандан кийин Министрлер кабинети толуктап акыркы вариантын токтом менен бекиткен. Ооба, Жогорку Кеңеш кабыл алган тууда күндүн нурлары түндүккө тийбей турган болсо, азыр кырк нур түндүккө тийип турат", - дейт.

Ал эми күндүн нурларынын саны боюнча ар кандай кырдаалдан кыйкым издегендер туура эмес маалымат таратты деп эсептейт.

"Элдер жаңы жыл тосуп, жакындары менен жолугуп, жакшы тилектерин айтып жатса - айрымдар жылдын алгачкы босогосун жалган маалыматтарды таратуу менен баштап жатышат. Аянттагы туунун бир нуру бүктөлүп калган учурун сүрөткө тартып алып, 39 эле болуп калыптыр деп.

Туунун 40 нуру бар, бекитилген нускасы боюнча жасалып жатат. Ар кандай кырдаалдан кыйкым издегендер го мейли, адекваттуу эле досторубуз алардын манипуляциясына ишенип алышыптыр. Үйдө отуруп алып ушактарды талкуулабай, барып эсептеп койсоңуздар болот", - деди Орунбеков.

Белгилесек, желектеги толкун сымал күндүн нурлары түптүз болуп, түндүккө тийбей турган жана түндүктүн чамгарагын төртөө кылып өзгөртүү сунушталган. Мыйзамдын демилгечилеринин бири депутат Улан Примов дал ушундай желекти жыйында көрсөтүп, туу ушундай болуп өзгөртүлөрүн айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15250