Аянтка илинген жаңы желек жактырылган варианттан айырмаланат
RU

Аянтка илинген жаңы желек жактырылган варианттан айырмаланат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин "Ала-Тоо" аянтына илинген жаңы желек парламент тарабынан кабыл алынып, президент тарабынан жактырылган туудан айырмаланат.

Учурда желбиреп турган туу депутаттар тарабынан сунушталган биринчи вариантка көбүрөөк окшош. Анда күндүн нурлары түптүз болуп, нурлар бири-бири менен биригип турган.

Бирок парламент жактырган акыркы вариантта күндүн нурлары түз жана бири-биринен ажырап, ортолорунда бир аз боштук бар болчу. Бул коомдун көңүлүн дароо буруп, талкуу башталды.

Азырынча бийлик тарабынан бул боюнча комментарий бериле элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15241