Бек Борбиев Райымбек Матраимов менен достук мамилеси тууралуу айтып сынга кабылды
RU

Бек Борбиев Райымбек Матраимов менен достук мамилеси тууралуу айтып сынга кабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын эл артисти Бек Борбиев Jaratman долбооруна маек берип, анда Райымбек Матраимов менен болгон достук мамилеси үзүлгөнүн айткан. Анын мындай жообу социалдык тармакта кызуу талкууга алынып, ырчынын дарегине сындар айтылды.

Бек Борбиев интернетте пикир жазгандардын айрымдары аша чаап кеткенин айтып, талкууларга жооп кайтарды.

"Жаратман" долбоорунда Райымбек Матраимов жөнүндө берилген суроого жообум эки күндөн бери соцтармакта талкууда. Унчукпай койсом дедим эле бирок кээ бир "калемгерлер" аша чаап кетиптир: "Райымды досу кыйын кезде таштай качыптыр" деген таризде. Райымга эң кыйын кезде мен соцтармакта керек болсо жалгыз тургам акырына чейин. Ошондо да бүгүнкүдөй мени тытып жегендердин көбү ушул эле адамдар болчу. Маекти маани берип окуп чыккандар аз экен, сүйлөмдүн башын угуп аягына чыкпай эле жыйынтык чыгарган. Аттиң, арабызда ушунчалык жапыз ой жүгүрткөн, ичи таар, көрө албастар көп экени өкүндүрөт.

Мен өз жообумда айтып жатам, "корупционер эмесмин" деп какшап жүрүп, моюнга алган соң соцтармактардан колдоомду токтоттум деп. Жок андай эмес деп уланта бериш керек беле? Логикага таптакыр жатпайт го... Керек болсо өзүнө айткам, мага кыйын болуп калды, эми унчуга албас болдум. Бул сөзүмө ал жооп бергени эсимде, бул жерде жалгыз менин эле эмес башка да көп адамдардын тагдыры турган үчүн ушундай кылдым деп.

Бек Борбиевдин айтымында, ал Райымбек Матраимовго социалдык тармак аркылуу колдоо көрсөтүп келген. Ырчы колдоосун токтоторун айтканда Матраимов капа болгон эмес.

"Мыйзам баарынан улук. Чыгармачыл адамдар калыстыктан кайтпашыбыз керек, тарых кечирбейт. Албетте, ошондон кийин Райым мага капа деле болгонун көрбөдүм, туура эле түшүнгөн, ага чейинки колдоомо ыраазычылык айтып, "жигитче турдуң, далай жаман сөз уктуң, эми ал колдоонун кажети жок" деген. Анткени баарыбыз билебиз жакшы санаалаш адамдарды кыргыздар дос дейбиз, а достун досу да болот.

Райымдын жакын досторунун катарына мен эч качан кирген эмесмин, аны бардык жакындары билет. Андыктан менин социалдык тармак аркылуу ага кылган жардамым бүттү.

Кийин деле мурдагыдай учурашып жүрдүк, ырдашып, той-топурларда көрүшүп, балким дагы деле ошондой аралыктагы достордон болуп калабыз же таптакыр үзүлөбүз же мурдагыдан да жылып кетебиз. Бирок ал жагы Райым экөөбүздүн жеке мамиле болот. Ал үчүн интернетте күйүп-бышып жаткандарга жол болсун. Же силерден сурап алып анан мамиле куруш керекпи?", - дейт Борбиев.

Эл артисти белгилегендей, Райымбек Матраимовду эң кыйын кезде колдогон, жанында болгон, аны танбайт. Ал тургай, "Ала-Тоо" аянтына эл сүрөтүн көтөрүп чыгып, "камалсын" деп турганда да тынбай колдоо постун жазып турган.

"Райымбек Матраимов мамлекет менен чечишип алгандан кийин мага окшогон досторунун колдоосуна муктаж деле эмес.

Менин кечээтен бери күйгөнүм, ошондо бир оозун ачып Райымга жакшы сөз айта албаган жакын сөөрөйлөрү мага чалып капа болушканы.

Эгер түшүнбөй жатсаңар, жетпей жатса маекти дагы көрүп, угуп чыккыла. Мен ал жерде бир дагы жаңы же ашыкча сөз айткан эмесмин, баардыгы болгон же мурда айтылган сөздөр.

Мен Кыргызтанды 20 жашымдан баштап тынбай аралап келем, быйыл 55 жаштамын. Акыйкат үчүн айтсам, Райымдай жигиттерди санасаң эки манжаң толбойт. Бирок мыйзам бийик, мамлекет бирөө. Баарыңарга аманчылык бурадарлар!

Баса, Бектин ыры жакшы, өзү "мындай" дегендерге - "Ийри таяктан түз көлөкө түшпөйт", кааласаңар көрөңгөлөшүп сүйлөшүп көргүлө же менин жакындарымдан сураштырып алгыла. Мен түз, калыс, таза жүргөнгө аракет кылам. Ооба, тоолук кыялым бар, аны тизгиндеп жүрөм буйруса", - дейт ырчы.

Эске салсак, 2021-жылдын апрель айында Райымбек Матраимов коррупция беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып соттолгон, бирок кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча тергөө кылмышты таппай, ишти кыскарткан. Коррупциялык иш боюнча ал күнөөсүн моюнга алып, айып пул төлөп, келтирилген зыян үчүн 2 миллиард сом мамлекеттик казынага төлөп берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15270