Камчыбек Ташиев: "Мамлекетте Матраимовдун, Көлбаевдин мафиялары болбойт"
RU

Камчыбек Ташиев: "Мамлекетте Матраимовдун, Көлбаевдин мафиялары болбойт"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-ноябрда Чүй облусунун Кемин районунда УКМКнын райондук бөлүмчөсүнүн жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кемин районунун акими, башкармалыктын өздүк курамы жана ардагерлер катышты.

Анда Камчыбек Ташиев коопсуздук кызматкерлерине кайрылып, уюшкан кылмыштуу топко, коррупцияга каршы күрөш күчөтүлгөнүн эскертип, милдеттерин так аткарууга чакырды.

"Дайыма эле айтып келе жатабыз, уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштү күчөтөбүз, күрөш жүргүзүп жатабыз, көзөмөлдөп жатабыз деп. Бирок бүгүнкү күндөгү биздин күрөш идеясы, формасы менен өзгөчөлөнөт. Мындан ары мамлекетибизде

уюшкан кылмыштуу топтор болбойт деп жарыяладык жана ошол сөзүбүзгө турушубуз керек. Бир эле мисалды айтайын, жакында республика боюнча коррупцияга, уюшкан кылмыштуу топторго, мыйзамды бузууга катышы бар мамлекеттик кызматкерлерди аныктадык.

Райымбек Матраимов менен байланышы бар 92, Камчы Көлбаевге (Асанбек) мамлекеттик 60 кызматкердин тиешеси бар экенин аныктадык. Андан сырткары 50 бажычынын байланышы бар экенин тактадык. Учурда 202 мамкызматкер уюшкан кылмыштуу топко, криминалдык элементтерге, коррупцияга катышы бар делинип кызматтан алынып жатат.

Бул масштабдуу жумуштун баары мамлекеттик органдарды тазалоо үчүн жүргүзүлүп жатат. Сиздердин кызматыңыздар мындан ары ушуга байланыштуу болушу керек. Бир дагы кылмыштуу топтун мүчөсү айылдык кеңештерге депутат болбошу керек, айылдык, райондук, облустук жана министрликтин кызматкери болбошу керек. Андайларды аныктоо, жасаган кылмыштары боюнча жоопко тартуу биздин туздөн-түз милдетибиз.

Мындан ары Көлбаев деген мафия болбойт, Райым Матраимов деген мафия

болбойт. Райымбек Матраимов мындан ары мамлекетте жүрө турган болсо кичинекей матис машинени минип жүрүшү керек.

Анын кланы, кылмыштуу түрдө

топтогон байлыктары мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө же ички саясатыбызга тоскоол болбошу керек. Ушуга чейин көптөгөн шайлоолордо, мамлекеттик маанилүү иштерде

ошолордун акчалары менен... ачык айтыш керек, биздин УКМКнын

кызматкерлеринин арасында да анын акчаларына берилип кеткендери бар. Акча үчүн аларга кызмат көрсөткөндөр да бар. Дагы бир жолу баса белгилеп айтып кетейин, биздин мамлекетибизде мындан ары Көлбаевдин, Матраимовдун жана башкалардын мафиясы болбойт. Мамлекетибиз таза, мыйзамдуу, стабилдүү болуп, тынчтык заманда жашашы керек.

Мамлекетибизде кимдер жакшы жашашы керек?Жөнөкөй адамдар, эмгеги менен

кызмат кылгандар, өз эмгеги менен акча тапкан бизнесмендер, өз эмгеги менен кызмат өтөгөн мамлекеттик жумушчулар жакшы жашашы керек, биз ошого шарт түзүшүбүз керек", - деди Ташиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14861