Имамидин Ташов: Мени уурдап, белгисиз жайда кармашты. Сол чөнтөккө 100 млн талап кылышты
RU

Имамидин Ташов: Мени уурдап, белгисиз жайда кармашты. Сол чөнтөккө 100 млн талап кылышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

KG Group компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов жаңы жыл алдында аны коопсуздук кызматкерлери эркине каршы уурдап кетип, 8 күн белгисиз жайда кармап отурганын айтып чыкты. Социалдык тармактарга тараган видео кайрылуусунда ага карата ар кандай коркутуулар болгон.

"2023-жылдын 27-декабрында кечки убакта мени УКМКнын кызматкерлери чакырып, барган жерден унаага кыйнап салышкан. Каршылык көрсөткөнүмө карабай бандиттерче уурдап, 8 күн белгисиз жерде кармап, үйдөгүлөргө, жакындарыма, иш алып барып жаткан компанияма кабар берүүгө мүмкүнчүлүк беришкен жок. Компанияңа кол салабыз, болгон нерселериңди камакка алабыз, жакындарыңа залакаң тийип калышы мүмкүн деп коркутуп көрүштү", - дейт ал.

Айтымында, бул кармоо жөн жерден эмес, анын себеби бар.

"Баарыңыздарга белгилүү болгондой декабрь айынын аягында тууну өзгөртүүгө каршы акциялар, тынчтык митингдери пландалып жатты. Ошол эле маалда каршы пикир айткандарды кармоо, камоо болду. Мен дагы кем калбай, жеке пикиримди айтып, салым кошсом деген ниетиме тоскоолдук жаратып, уурдап кетишип, кармап отурушту. Учурдан пайдаланып, Кыргызстандын жараны катары тууну алмаштырууга, өзгөртүүгө, толуктоого каршымын", - деген позициясын айтты.

Белгилесек, былтыр ноябрь айында Имамидин Ташов УКМК тарабынан кармалган. Коопсуздук комитети Ташовдун компаниясы бала бакча курула турган жерге көп кабаттуу 2 үйдү куруп, батирлерди сатканын, муну менен мамлекетке 52 миллион сом зыян келтирилгенин кабарлаган. Ишкер видео кайрылуусунда ошол боюнча өзүнүн версиясын айтып берди.

"Мага жабылгыс, илешкис иштерди токуп отуруп, камап да көрүштү. 52 миллион сом төктүрүп, анысы аз келгенсип сол чөнтөккө 100 миллион сом бересиң деп чыгарышты. Биздин канчалаган кесиптештер, куруучулар камалып, акча төгүп чыгышты", - деп билдирди.

Эске салсак, Имамидин Ташов 8-декабрда мамлекеттик казыныга 52 млн сом төгүп, СИЗОдон чыккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15287