Бишкекте KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү кармалды
RU

Бишкекте KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүү, пайдалануу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаранын алкагында курулушка жарыяланган социалдык объекттин ордуна ижарачылар тарабынан турак жайларды мыйзамсыз куруу фактылары аныкталды. Анын алкагында KG Group компаниясынын жетекчиси кармалды дешет коопсуздук комитеттен.

Иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Бишкек шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 30-июлундагы № 417 токтомуна ылайык, "О" ЖЧКсына бөлүнгөн жер тилкеге 280 орундуу бала бакча салынышы керек болчу. Бирок "Бишкекбашкыархитектура" жана "Кадастр" мамлекеттик мекемелеринин кызмат адамдары "О" ЖЧКсынын жетекчилиги менен кылмыштуу топ түзүшкөн. Алар белгиленген максатты бузуу менен архитектуралык-пландоо шарттарын иштеп чыгышып, инженердик-техникалык шарттарды жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар 12 кабаттуу турак жайдын курулушуна техникалык паспорт берүү жана тиешелүү документтерди тариздөө жол-жоболорун жүргүзгөн.

Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында "О" ЖЧКсы бала бакча курула турган жерге көп кабаттуу 2 үйдү куруп, батирлерди саткан. Муну менен мамлекетке 52 миллион сом зыян келтирилип, ушул күнгө чейин төлөнбөй келген.

2023-жылдын 26-октябрында тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча "О" ЖЧКсынын ээси Т.И.А. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмыштарга тиешеси бар башка кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14818