Баткенде 22 жаштагы келин каза болду. Аны күйөөсү муунткан деп шектелүүдө
RU

Баткенде 22 жаштагы келин каза болду. Аны күйөөсү муунткан деп шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Кадамжай районунда 22 жаштагы келин киши колдуу каза болду. Анын өлүмүнө өмүрлүк жолдошу шектелип, кармалды. Маалыматты Kaktus.kg сайтына Баткен ОИИБден кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 2-январда саат 15:00 чамасында Кадамжай районунун Исхак-Полотхан жалпы дарыгерлер практикалык борборунун тез жардам бөлүмүнүн дарыгери Ирелеш айылында аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу милицияга кабар берген.

Маалымат Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, төмөнкүлөр аныкталган.

2-январда саат 15:00 чамасында Ж.Г. атту жаран аялы А.К. менен көчөдө бара жатышып, пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Күйөөсү аялын муунтуп, келин аба жетишсиздигинин айынан окуя болгон жерде каза болгон.

Каза болгон аялдын жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүү учурунда анын сол көзүнүн тегерегинде көгала тактар жана мойнунда кол менен муунтулган белгилери бар экендиги аныкталган. Келиндин алган жаракаттарынын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Бул жагдай боюнча чогултулган материалда 122-берененин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери аныкталып, кылмыш иши козголду. Шектүү катары Ж.Г. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15292