Баткенде төрөгөндөн кийин дайынсыз болуп жаткан келин табылды
RU

Баткенде төрөгөндөн кийин дайынсыз болуп жаткан келин табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө көз жарган келин дайынсыз болуп изделип жаткан. Ал 1 күндөн кийин аман-эсен табылганын облустук милициядан Kaktus.kg редакциясына ырасташты.

Маалым болгондой, 22 жаштагы келин 5-январда саат 05:30 чамасында төрөт үйдөн баласын калтырып, чыгып кеткен. Дайынсыз болуп жаткан келин 6-январда Чет-Булак кварталынан милиция тарабынан табылган. Келин жакындарына өткөрүлгөн, учурда абалы жакшы.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: talk4life.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15269