Асел Ногойбаеванын кулак, мурдун кескилеген киши сотко онлайн катышууда
3082
Бүгүн, 12-январда Сокулук райондук сотунда Асел Ногойбаеванын кулак, мурдун кескилеген А.Эстебесовдун иши каралып баштады. Алдын ала угуулар жабык эшик артында өтүп жатат.
slide 3 of 2
Айыпталуучу сот залына жеткирилген жок, ал процесске онлайн катышууда. Ал эми жабырлануучу тараптан Асел Ногойбаеванын агасы жана расмий өкүлү - юрист Индира Саутова катышып жатат.
Эске салсак, былтыр 20-сентябрда Селекция айылында Асел Ногойбаевага мурдагы күйөөсү кол салып, кулак, мурдун кескилеп, ден соолугуна оор залал келтирген.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/15301