Асел Ногойбаева кулак, мурдуна жасалчу операциясы, келечек пландары боюнча айтып берди
RU

Асел Ногойбаева кулак, мурдуна жасалчу операциясы, келечек пландары боюнча айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеванын ден соолугуна мурдагы жолдошу оор залал келтирип, кулак, мурдун кесип салган. Шектүүнүн аракеттери боюнча тергөө иштери толук аяктап, иш материалдары сотко өттү.

Асел Ногойбаева Kaktus.kg сайтына маек берип, эми сот органдары адилет чечим чыгарып берсе деп үмүт кылат.

"Соттор Азамат Эстебесовдун бардык кылмыштарын эске алып, өмүр бою эркинен ажыратат деп үмүт кылам. Эгер ал адам эркиндикке чыкса мага эле эмес, жакындарыма жана башка адамдарга зыянын тийгизет. Ал адамды жакшы билем. Мен деле бул жакта калбайм, балдарым менен чет өлкөгө чыгып кеткенге аракет кылам. Жакында эле бир жаңылык окудум, өмүр бою эркиндигинен ажыратылган адам абактан чыгып, дагы башка кылмыш жасаптыр. Мен дагы балдарымды алып, сыртка чыгып кетишим керек деген ойдо калдым. Чынын айтсам сотторго ишенич жок, бирок калыс чечим чыгарат деп үмүттөнүп жатам эмнегедир. Алардын өкүмүнөн адамдын келечектеги жашоосу кандай болору чечилип калат. Ошондуктан соттордон адилет чечим чыгаруусун суранам", - деди каарманыбыз.

Асел айымдын айтымында, жолдошуна карата мурда да бир нече жолу кылмыш иши козголуп, айрымдары сотко чейин жеткен. Бирок андай учурларда шектүүнү апасы коргоп калууга аракет көрчү дейт.

"А.Эстебесовдун апасынын майыптыгы бар, эки көзү көрбөйт. Сот болордо эле ошол майыптык кагазын көтөрүп келип, "бул менин жалгыз балам, мени багат, карайт, жетелейт, азык-түлүк менен камсыз кылат" деп жүйө келтирет. Чынында андай эмес, баласы апасын карабайт, керек болсо кол көтөрүп, жаман сөздөрдү айтчу. Азамат Эстебесовдун иниси бар, ошол кайненемди карайт, багат. Кайненемди деле түшүнөм, энелик жүрөгү тынч койбойт да, анан айла жоктон келчү окшойт.

Эми баарын угуп, билип турат, неберелери үчүн бул жолку сотто андай кылбаса керек деп ойлойм".

Тергөө иштери жана тоскоолдуктар

Шектүүгө карата жалпы 11 берене менен иш козголгон. Дээрлик 4 айга жакын созулган тергөө иштерине Асел Ногойбаева канааттанганын айтат. Бирок ортодо ар кандай коркутуулар, басым, кысымдар болбой койгон эмес. Ал тургай абакта жаткан А.Эстебесов дагы Ногойбаеванын мурдагы телефон номерине бир катар билдирүүлөрдү жөнөткөн.

"Ишти тергөө ойдогудай эле болду. Мен Италиядан келгенден кийин 1 жыл ичинде жасаган аракеттери, жана эски кылмыштары дагы иш материалына тиркелди. 6 тергөөчү иштеди. Иликтөө иштери жүрүп жатканда жакындарымдын айтуусу боюнча, шектүү жалган көрсөтмөлөрдү бериптир. Ал эми айыпталуучунун жакындарынан социалдык тармактар аркылуу коркутуу, басым түрүндөгү билдирүүлөр келип жатты. Мен анын баарын "тынч отургула" дегендей эле кабыл алдым. Бирок 1 жылдан бери арызданып келсем да жыйынтык болгон эмес. Ошондуктан тынч отуруу мүмкүн эмес болчу. Өлтүрүп кетсе эле тынчыйсың, мен унчукпай койсом өлтүрүп кетмек. Анын артында кайын сиңдилерим туруптур. Бул жаман көрүнүш, балдарымдын эжелери ал-акыбалды сурагандын ордуна ошондой иштерди кылышты.

Ал эми Азамат Эстебесовдун абактан жөнөткөн билдирүүлөрүн көргөндө жүрөгүм зырт этип, аны эркиндикке чыгарып салгандай эле сезилди. Бул эркиндикте эле жүрөт турбайбы деп силкинип кеттим. Мурда мага күнүнө 200дөй билдирүү келчү. Ошол күндөр эсиме түшүп кетти.

Биз бул боюнча тергөөчүлөргө билдиргендей кийин абактагы камераларда текшерүү болуп, телефондор алынып, Эстебесовду айып камерасына которушканын айтышты. Ошондон кийин каттар келген жок", - деп айтат.

Өзүн кабыл алуусу жана операция боюнча чечимдери

"Көзүм көндү, көнбөскө айла жок экен. Ооруканада жатканда бинтти дарыгерлер ороп, чечип турчу да. Үйгө чыгып келгенден кийин жаракаттарды таңып туруш керек болду. Ооруканага аптасына бир жолу барабыз. Үй шартында бинтти агам таңып берип жүрдү. Ал "эми көрүшүң керек, көнүшүң керек, биринчи кулагыңдан баштайлы" деди. Менин абалым азыркыдай эле болчу, макул болдум.

Кулагымды көргөндөн кийин эмне болгонун билбейм, эс-учумду жоготуп, кусуп, кыйыкырып ыйлаптырмын, колдорум тырышып калыптыр. Жуунчу бөлмөдөн бир топ убакыттан кийин чыксам апам, балдарым ыйлап отурушуптур.

Андан кийин мурдумду көрүш керек болду. Өзүмдү көпкө чейин даярдап жүрдүм. Анткени кулагымды көргөндөн кийин абалым начарлаган, ошондон коркуп калгам. Андайды күткөн эмесмин чынында.

Бир күнү үйдө эч ким жок кезде мурдумду көрөйүн дедим, бирок кулап калсам ким көтөрүп, жардам берет деп корктум. Болгон күчүмдү топтоп анан көрдүм. Көзүм караңгылап, башым айланып барып токтоп калдым.

Психологиялык жактан өзүмө толук келе элекмин, баары бир мурдагыдай болбой калат экенсиң. Азыр эске тутуум өтө начарлап кетти. Көп нерсени эстей албай калам. Учурда абалым орточо, ден соолугум да өтө жакшы деп айта албайм. Анткени кесилген жерлер бүтүп баштагандан кийин кулагымдын угушу начарлап, мурдум менен дем алуу дагы кыйыныраак болуп жатат.

Кулак, мурдума жасалуучу операциянын так күнү белгилене элек. Анткени биринчи операциядан кийинки жарааттар бүткөнү менен теринин ткандары жумшара элек. Ага чейин физиотерапияга барып турам. Жарым жыл, 1 жылга чейинки убакыт керектелет. Жакында эле хирургдар менен консилиум өттү. Анда өзүбүздүн эле хирургдар чет элдик кесиптештери менен чогуу операция жасаганга даярдыктарын билдиришти. Мен өзүбүздүн адистерге эле токтолдум. Канча операция болот, баасы канча болору белгисиз. Бирок адистер жүзүмдү 100% калыбына келтирет деп ишенип жатам", - деген үмүтүн билдирди.

Келечекке койгон пландары

"Менин кийинки жашоомдун кандай болору соттун чечимине жараша болот. Эгер А.Эстебесовду өмүр бою эмес, канча бир жылга абакка кесип койсо анда балдарым менен Кыргызстандан кетишим керек болуп калат.

Өлкөмдөн кетким келбейт албетте. Ал эми мен күткөндөй чечим чыгып калса анда зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндерге жардам берген уюм же баш калкалоочу жай түзсөмбү деген ниетим бар.

Анткени менин окуям ачыкка чыккандан кийин зомбулукка кабылган көптөгөн айымдар кайрылып жатышат. Андай учурда жөн эле карап отура албайт экенсиң, кайрылуу түшсө эле бир нерсе чечип жиберчүдөй болуп кечке ойлонуп калам. Кайрылгандардын айрымдарына кырдаалдан чыгуунун жол-жобосун көрсөтүп бердик. Аз да болсо жардам бердик ойлойм", - деп максаттары менен бөлүштү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15266