Сүлүктүдө 14 жаштагы кыз зордукталганын айтып чыкты. Милициянын маалыматы
RU

Сүлүктүдө 14 жаштагы кыз зордукталганын айтып чыкты. Милициянын маалыматы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сүлүктү шаарында 14 жаштагы окуучу зордукталганын айтып чыкты. Ал 31 жаштагы жаран физикалык күч колдонуп, денесине залал келтирип, ыплас иштерди жасаганын билдирди.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы маалыматты Kaktus.kg сайтына тастыктап, шектүү кармалганын билдирди.

Такталгандай, окуя 13-январда катталган. Эртеси күнү 41 жаштагы шаар тургуну милицияга кайрылып, 14 жаштагы кызын Т. аттуу жаран зордуктап койгонун айткан.

Бул факты боюнча 154-берененин (Зордуктоо) негизинде кылмыш иши козголуп, Сүлүктү ШИИБи тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Кылмышка шектүү катары Сүлүктү шаарынын 31 жаштагы К.Т. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалашты милициядан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: news.sky.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15327