28 жаштагы жигит дагы деле дайынсыз болууда. Издөөгө 282 адам чыкты
RU

28 жаштагы жигит дагы деле дайынсыз болууда. Издөөгө 282 адам чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

28 жаштагы Маматалы уулу Мухамедаалыны издөө иштери дагы деле натыйжа бере элек. Буга байланыштуу бүгүн, 23-январда издөө кайрадан улантылууда. Аны издөөгө күндөгүдөй куткаруучулар жана ИИМден кызматкерлер тартылганын ӨКМдан билдиришти.

Издөөгө чыккан 282 адамдын 172си куткаруучулар, 110ну милиция кызматкерлери. Жалпы 22 техника, 7 дрон тартылды.

Эске салсак, 1996-жылы туулган Маматалы уулу Мухамедаалы 14-январда үйүнөн чыгып кеткен. Ал акыркы жолу 15-январга караган түнү саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайында "Жаннат Резорт" мейманканасындагы камералардын бирине тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган. Андан бери тынымсыз издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15363