Активист Афтандил Жоробековдун аялы: Бүгүн ал 40 жашка чыкты, жолугууга мүмкүн болгон жок
RU

Активист Афтандил Жоробековдун аялы: Бүгүн ал 40 жашка чыкты, жолугууга мүмкүн болгон жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн жарандык активист Афтандил Жоробековдун туулган күнү. Ал 40 жашка толду. Бул тууралуу анын жубайы Мээрим Садыкова Kaktus.kg редакциясына билдирди.

Анын айтымында, активист менен жакындарын жолуктурууга макулдук берилсе да уруксаат бербей жатышат.

"Бүгүн, 25-январда, менин жолдошум Афтандил Жоробековдун туулган күнү. Биз туугандарыбыз менен эртең менен тамак-аш берип жиберели дегенбиз. Бирок, биз СИЗОго барганда азырынча алар берип жиберчү нерселерибизди ага бере албай тургандарын билдиришти. Себеби, ал айып жайында болгону үчүн эч нерсе берип жиберүүгө болбойт экен", - дейт ал.

Мээрим Садыкова активист жана анын жакындары депутат Нуржигит Кадырбековго кайрылып, бир жарым айдан бери эч кандай тергөө амалдары жүргүзүлбөй жатканын айтканы тескери эффект бергенине токтолду. Бирок, ал эч мыйзам бузган эмес.

"7-декабрда Афтандилди кармап кетишкен. Соттун чечими менен аны эки айга СИЗОго камап коюшту. Афтандилди Кылмыш-жаза кодексинин "массалык башаламандыктар" беренесинин 3-бөлүгү, "бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар" беренеси менен айыптап жатышат.

Мен Афтандил уюштурайын деген митингге өзүм да баргам. Ал алдын ала мэрияга кат жазып, 9-декабрда Горький сейил багында желекти колдоо боюнча митинг өткөргүсү келип жатканын билдирген болчу. Мен бардым, ал жерге өз ойлорун айткысы келген адамдар келишти. Ал жерде эч кандай башаламандык, мыйзам бузуу аракеттери болгон жок. Алар өз ойлорун айтканы гана чыгышкан. Афтандилди күнөөлөп жаткандай лозунгдар айтылган жок, чакырыктар болгон жок", -деп кошумчалады активисттин жубайы.

Буга чейин тергөөчү Афтандил Жоробековго жакындары менен жолугушууга уруксаат берген эмес. Мындан улам, активисттин жакындары жактоочусу менен бирге сотко кайрылып, уруксаат алышкан. Бирок, дагы деле жолугууга мүмкүн болбой жатат дейт келинчеги.

"Аны менен жолугушууга уруксаат бербей жатышат. Биз жактоочу менен тергөөчүнүн "жолугушууга уруксаат бербөө" чечимине карата арыз жазып, соттук отурумда сот Афтандил менен жолугушууга уруксаат берүү чечимин кабыл алган. Бирок, баары бир ал менен жакындарын жолуктурбай жатышат.

Мен президент Садыр Жапаровго жана Ички иштер министри Улан Ниязбековго акыйкатуулук орносунчу деген суранычым менен кайрылайын дедим эле. Мен алардын көңүлүн эч кандай мыйзамга каршы аракет кылган эместигине бургум келет. Ал өзүнүн жарандык пикири болгону үчүн гана Афтандил бир жарым айдан бери СИЗОдо отурат. Афтандилди буга чейин да бир канча жолу жоопкерчиликке тартышкан. 2019-жылы ал пост жазганы үчүн УКМКнын СИЗОсуна кармашкан. Ал учурда президент Сооронбай Жээнбеков болчу. Атамбаевдин тушунда азыркы президент Садыр Жапаровду колдойм деп митингге чыкканы үчүн ага административдик айып салышкан", - деп сөзүн жыйынтыктады Мээрим Садыкова.

Эске салсак, 8-декабрда Бишкектин Свердлов райондук соту Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробеков эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо чечимин кабыл алган.

Маалым болгондой, Жоробековго Кылмыш-жаза кодексинин "массалык баш аламандыктар" беренесинин 3-бөлүгү, "бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" менен айып тагылган.

Мындан тышкары, 6-декабрда фейсбуктагы баракчасына жарыялаган Кыргызстандын экономикасында жылыш жоктугун, желекти өзгөртүүгө каршы экенин билдирген видеосу боюнча иш козголгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15396