Тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Афтандил Жоробеков кармалды
RU

Тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Афтандил Жоробеков кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 7- декабрда, тууну өзгөртүүгө каршы пикир айткан жарандык активист Афтандил Жоробеков кармалды. Бул тууралуу активисттин адвокаты Махабат Мамасалиева билдирди.

Маалым болгондой, Жоробековго Кылмыш-жаза кодексинин "массалык баш аламандыктар" беренесинин 3-бөлүгү, "бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" менен айып тагылган.

Мындан тышкары, 6-декабрда фейсбуктагы баракчасына жарыялаган Кыргызстандын экономикасында жылыш жоктугун, желекти өзгөртүүгө каршы экенин билдирген видеосу боюнча иш козголгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15102