Тазабек Икрамов: "Бул ыплас каралооңор менин саясаттагы өмүрүмдү узартат"
RU

Тазабек Икрамов: "Бул ыплас каралооңор менин саясаттагы өмүрүмдү узартат"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Интернет желесине Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун жылаңач болгон видеосу тарап, саясатчынын дарегине сын-пикирлер айтылды. Депутат таратылган видео тууралуу үн катып, көптөн бери аны каралоо боюнча ырааттуу иштер болуп жатканын айтат.

"Саясат-бул күрөш! Саясатта көз караштар, ой-пикирлер каршы же бирге болот. Көптөн бери мен жөнүндө ар кандай маанидеги коомдук пикир жаратуу, фейк маалыматтарды жайылтуу боюнча ырааттуу иш-чара жүрүп жатканынан маалыматым бар. Айтчу сөз көп бирок Жараткандан сабыр тилейм. Эртең эле коомдук активистер, саясатчылар жөнүндө монтаждалган маалыматтар тараса мен да карапайым калкыбыз катары баш чайкайм. Кудай курулай жалаадан, жөнү жок кошоматтан сактасын.

Сын айткан адамга жалган жалаа жаппай, сынды көтөрө билиш керек. Бул ыплас каралооңор менин саясаттагы өмүрүмдү узартат жана эл алдында жоопкерчилигимди көбөйтөт", - деди эл өкүлү.

Белгилесек, Тазабек Икрамов анятка илинген жаңы туу боюнча сын-пикирин айтып, тууну көтөрүү салтанаттуу өтүшү керектигин, душман гана тууну жашырынып келип алмаштырат деген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15399