"Душман гана тууну жашырынып алмаштырат". Тазабек Икрамов желек боюнча пикирин айтты
RU

"Душман гана тууну жашырынып алмаштырат". Тазабек Икрамов желек боюнча пикирин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов анятка илинген жаңы туу боюнча сын-пикирин айтты. Ал Facebook баракчасына жеке оюн жазып, тууну көтөрүү салтанаттуу өтүшү керек эле деп эсептейт.

"Ырас, Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттарынын добуш берүүсүнөн өтүп, президент кол койгондон кийин жаңы туу расмий түрдө азчылык болсо да жок эле дегенде мамлекеттик катчынын катышуусунда, гимндин жаңыруусунда, ардактуу кароолдун коштоосунда көтөрүлүшү керек эле. (Душман гана тууну жашырынып келип алмаштырат). Тилекке каршы, андай болбоду. Ошол жерде ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда мамлекеттик катчы тууну оңдоп, түзөөгө эмне негиз болгонун жана кайсы жерлерине түзөтүү киргенин айтып беришсе болмок", - дейт ал.

Депутат Жогорку Кеңеш сунуштаган желек башка экенин айтып, бул боюнча комиссия түзүлүшү керектигин кошумчалады.

"Туу жөнөкөй маселе эмес. Бул бүтүндөй бир идеология! Желектин ЖКда сунуш кылынган варианты башка, "Викидепияда" башка, илинген желектин өңү башка болгону жалпы элдин нааразычылыгын гана жаратат. Бул боюнча тез арада президент башында турган мамлекеттик комиссия түзүлүп, тиешелүү адамдар жоопко тартылышы керек. Ансыз нааразычылык көбөйө берет", - дейт Икрамов.

Бишкек шаардык мэриясы өзгөртүлгөн желек 1-январда саат 07:45те Улуттук гвардия тарабынан көтөрүлгөнүн маалымдады. Бирок желекти алмаштыруу иш-чарасы тууралуу коомчулукка расмий кабар берилген эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15252