Ошто 20 жаштагы жигит караокенин администраторун коркутуп, зордуктоого аракет кылган
RU

Ошто 20 жаштагы жигит караокенин администраторун коркутуп, зордуктоого аракет кылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында 20 жаштагы жигит зордуктоого аракет кылган деп шектелүүдө. Шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, шектүү көңүл ачуучу жайдын администраторун коркуткан.

Маалым болгондой, 27-январда таңкы саат 05:55 чамасында Ош шаарындагы караоке клубда 20 жаштагы жигит эч ким жок учурдан пайдаланып, администратор кызды бычак менен коркутуп, зордуктоого аракет жасаган.

Бул факты каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө шектүү катары Ш. уулу И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү ошол эле түнү саат 01:00 чамасында И.Раззаков көчөсүндөгү бильярд клубдун эшигин бузуп кирип, кассадан 22 миң сом акчаны уурдап чыккандыгы аныкталды.

Ал уурдаган акчага тамактанып, алкоголдук ичимдиктерди ичип, андан кийин караоке клубга барганы такталды.

Ош шаардык сотунда шектүүнүн бөгөт чарасы тандалып, 2 айга камалды. Учурда жогорудагы фактылар боюнча "уурулук" жана "зордуктоого аракет жасоо" беренеси менен тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15438