Өлкөдө зордукчулдарды жазалоо күчөтүлдү. Президент мыйзамга кол койду
RU

Өлкөдө зордукчулдарды жазалоо күчөтүлдү. Президент мыйзамга кол койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду.

Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, мыйзам жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке болгон укуктарды камсыз кылуу, өмүргө, ден соолукка кылмыштуу кол салуулардан коргоо максатында кабыл алынган.

Мыйзамдын милдети - алдын алуу үчүн жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштардын жоопкерчилигин күчөтүү жана жабыркагандарды кайталануучу кол салуулардан сактоо болуп эсептелет.

Кабыл алынган мыйзам менен төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилүүдө:

  • Оор кылмыштар боюнча (анын ичинде зордуктоо) кылмыш иштерин тергөө тараптардын жарашуусуна байланыштуу токтотпоо боюнча жоболор камтылган. Тараптардын жарашуусуна байланыштуу жазык ишин милдеттүү түрдө токтотууну караган ченемдер алынып салынды. (Кылмыш-жаза кодексинин 57-беренесине, Жазык-процесстик кодексинин 24, 505, 507-беренелерине өзгөртүүлөр киргизилди);
  • Жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн, пробациялык көзөмөлдү колдонуу, күрөөгө бошотуу мүмкүнчүлүктөрү алынды. Анткени бул жоболор жабырлануучулардын укук коргоо системасына болгон ишенимин кетирет. (Кылмыш-жаза кодексинин 58, 82-беренелерине, Жазык-процесстик кодексинин 112-беренесине өзгөртүүлөр киргизилди).

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: vesti.ua.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15372