Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевге футбол федерациясын жетектөөнү сунуштаганын айтты
RU

Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевге футбол федерациясын жетектөөнү сунуштаганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ак шумкарлар" Азия Кубогунда өз тайпасында үч оюнга чыгып, акыркы орунду алды. Мындай жыйынтык күйөрмандардын көңүлүнөн чыккан жок. Андан кийин Кыргыз футбол союзунун аткаруу комитети менен президенти мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырды.

Футбол жаатындагы жаңылыктарга байланыштуу Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине өз пикирин билдирди. Айтымында, акыркы убактарда футболчуларга тиешелүү шарттар түзүлүп, ырааттуу каржылоо башталды.

"Бирок дароо эле жыйынтык күткөнүбүз адилетсиз болуп калат. Чындыгында, мурда футболчуларга жакшы көңүл бурулбай келген экен. Каржы маселеси толук чечилбептир. Былтыртан бери каржы маселесин чечип келе жатабыз. Стадиондорду дүйнөлүк стандартка ылайык келтирип, жаңылай баштадык. Быйыл беш миллион доллар акча бөлүп берели деген ниеттебиз. Кыскасын айтсам, жыйынтыгын, жок дегенде, үч-төрт жылдан кийин күтөлү да. Анын үстүнө Кыргыз футбол союзунун башында катуу көзөмөл кылган бирөө турбаса, жыйынтык чыгышы кыйын. Эң негизгиси, футболчулардын машыгуусуна кылдат көңүл буруш керек.

Тартип болуш керек. Аны жакшы билебиз. Ошол үчүн кечээ Камчыбек Кыдыршаевичке: "Кыргыз футбол федерациясынын башына өзүң барчы" деп сунуш кылдым", - дейт президент.

Ал эми машыктыруучунун ролу, аны сырттан алып келүүнүн зарылдыгы жакын арада чечилбей турганын айтты.

"Машыктыруучудан көп нерсе көз каранды. Машыктыруучу ар бир көнүгүүнү кылдат жасатпаса, спортчунун жүрөгүнө жүк келтирип, ден соолугун бузуп алышы мүмкүн. Ошондуктан өз ишин жакшы билген машыктыруучу болуш керек. Ар бир футболчу оюн талаасында кайсы позицияда ойносо пайда алып келерин так көрө билиши зарыл. Ошол үчүн, азырынча биз сырттан машыктыруучу алып келгенге мажбурбуз.

Кудай буюрса, "Барселона" клубунун филиалы ачылып жатпайбы. Клуб өз жемишин 10-15 жылда бере баштайт.

Бул клубду бүтүп чыккан балдарыбыз дүйнөлүк деңгээлде ойной башташат. Кийин бара-бара машыктыруучулук деңгээлге жетишет. Ошондо анан өзүбүздөн машыктыруучулар чыгат", - деди мамлекет башчы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15441