Кыргыз футбол союзунун жетекчилиги ыйгарым укуктарыр мөөнөтүнөн мурда тапшырды
RU

Кыргыз футбол союзунун жетекчилиги ыйгарым укуктарыр мөөнөтүнөн мурда тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 29-январда Кыргыз футболдук союзунун кеңсесинде КФСтин Аткаруу комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Отурумда Улуттук курама команданын 2023-жылкы Азия Кубогундагы өткөргөн оюндарынын жалпы жыйынтыгы тууралуу КФСтин президенти Медербек Сыдыков маалымат берди. Медербек Сыдыков курама команданын аталган турнирдеги жыйынтыгын эске алып, отставкага кетүү чечимин кабыл алгандыгын билдирди.

Президенттин билдирүүсүн эске алып, КФСтин Аткаруу комитети өзүнүн жоопкерчилигин түшүнүү менен комитетинин бардык курамынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү чечимин кабыл алды.

КФСтин президентинин ыйгарым укуктары, учурдагы Аткаруу комитетинин курамы сыяктуу эле 2024-жылдын 19-февралында өтө турган КФСтин Кезексиз Конгресси өткөрүлгөнгө чейин өз күчүндө болот. Бул конгрессте КФСтин ерезиденти жана Аткаруу комитети шайланат.

Медербек Сыдыков президенттик кызматына 2021-жылдын октябрь айында, ал эми Аткаруу комитетинин учурдагы курамы 2022-жылдын апрелинде шайланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15427