Кулак, мурду кесилген Асел: Кайра кол салат. Мен балдарды алып, четке кетишим керек окшойт
RU

Кулак, мурду кесилген Асел: Кайра кол салат. Мен балдарды алып, четке кетишим керек окшойт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурунку күйөөсү мыкаачылык менен кулак, мурдун кесип салган Асел Ногойбаева коомчулукка кайрылып, соттун чечиминен кийин өзүнө келе албай жатканын билдирди.

"Мага байланышуу психикалык жактан кыйын болду. Соттун өкүмүнөн кийин мен өзүмө орун таппай калдым. Көпкө ыйладым, кайра эле ошол коркунучтун баарын башымдан өткөрдүм. Бул трагедияга чейин мен Азамат Эстебесовго каршы көп жолу арыз жаздым. Анткени ал мага көчөдө кол салып, сабап, аңдып, коркутуп-үркүткөн билдирүүлөрдү жазып, эки жолу зордуктап, бирок милиция мени өлтүргүчө, "биз эч нерсе кыла албайбыз деп айтты", - деди ал.

Асел Ногойбаева мурунку күйөөсү аны өлтүрүү максатта келгенин кошумчалады. Ал мыйзам зордукчул тарапта болгонуна кейиди.

"Көрсө, бул чын экен, 20 эле жыл берилген экен, мени өлтүрбөй койгону үчүн. Ал мага ушул максатта келсе да. Ал менин көзүмдү оюп алайын деп жаткан эле, бирок ошол маалда үйгө милиция кирип келди.

Жактоочум мага чалды, ал мага сот өмүр бою эркинен ажырата албастыгын түшүндүрдү, анткени ал мыйзамга жана беренелерге негизделген. Ал эми чечимде максималдуу мөөнөт каралган эмес. Балким сот менен прокурор өмүр бою эркинен ажыратууну каалагандыр, бирок мыйзам зордукчу тарапта болду", - деди Асел.

Ал өзү жана балдары үчүн Кыргызстанда калуу кооптуу экенин, Эстебесов мунапыс менен эрте чыгып, кайра кол салып же өлтүрүүгө аракет кылат деп коркуп, окуяны унута албай жатканын кошумчалады.

"Мен жана менин эки уулум үчүн өлкөдө калуу өтө кооптуу, анткени ал мунапыс менен бошотулушу мүмкүн. Бийлик өзгөрөт, убакыт өтөт, көптөр мени унутат. Мен азыр параноид болуп калдым, кимдир бирөө мени аңдып, эшикте күтүп тургандай сезилет. Мен дайыма терезени карайм, мага баары тереземди карап тургандай сезилет.

Түнкүсүн мен бир нече жолу тердеп ойгоном. Уккум келбейт, уйкудан корком, түшүмдө ошол күнгө кайтам. Балким, өлкөдөн чыгып кеткенден кийин тынч уктай алам. Баары ушинтип бүткөнү өкүнүчтүү", - деп сөзүн жыйынтыктады Асел айым.

Эске салсак, Аселге канчалаган кордук көрсөтүп, зордуктап, кулак, мурдун, бетин кескилеген айыпталуучу Азамат Эстебесов 20 жылга эркинен ажыратылды. Соттун бул чечимине Асел өзү да, коомчулуктун көпчүлүк бөлүгү нааразы болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15459