Асел Ногойбаеванын кулак, мурдун кескен Азамат Эстебесов жалпы 20 жылга соттолду
RU

Асел Ногойбаеванын кулак, мурдун кескен Азамат Эстебесов жалпы 20 жылга соттолду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 26-январда Сокулук райондук соту Асел Ногойбаеванын кулак, мурдун кескен мурдагы жолдошуна карата өкүм чыгарып, жалпы 20 жылга эркинен ажыратты.

Судья соттолуучуну жаза өтөө мөөнөтү 2023-жылдын 20-сентябрынан баштап эсепке алынып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөгө милдеттендирди. Ошондой эле материалдык жана моралдык зыян келтиргени үчүн Асель Ногойбаевага 2 миллион сом кенемте төлөөгө милдеттендирди.

Соттук отурум судья Таалайкүл Кадыркулованын төрагалыгы алдында жабык эшик артында өттү.

Жабырлануучу тарап соттун чечимине макул эмес, учурда алар юрист менен кеңешип жатканын Тинатин Катаганова Kaktus.kg сайтына билдирди.

"Ден соолукка оор залал келтиргени (кулак, мурдун кесени) боюнча айыпталуучуну 15 жылга соттоду. Буга чейин башка эпизоддор боюнча 8 жылга соттолгон. Жалпы 23 жылга эркинен ажырашы керек болчу. Бирок соттор 3 жылын кыскартып салды. Биз мындай чечимге макул эмеспиз. Кийинки аракеттерибиз тууралуу жактоочу менен кеңешип жатабыз", - дейт Катаганова.

*****

Буга чейин Сокулук райондук соту Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесовду аталык укуктан ажыратуу чечимин чыгарган.

Ал эми 2023-жылы сентябрь айында Чүй облустук соту Азамат Эстебесовду сабоо жана зордуктоо боюнча күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыраткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15406