Бишкектеги төрөт үйдө 29 жаштагы келин каза тапты
RU

Бишкектеги төрөт үйдө 29 жаштагы келин каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги №4 төрөт үйүндө кесарево учурунда келин каза болду. Маалыматты редакцияга Саламаттыкты сактоо министрлигинен ырасташты.

Мекеменин билдирүүсүнө караганда, 5-февралда эртең менен 29 жаштагы келиндин өмүрүнө коркунуч жаралгандыктан кесарево жолу менен төрөтүү чечими кабыл алынган. Бул анын үчүнчү кош бойлуулугу жана үчүнчү төрөтү болгон. Ал операция учурунда каза болгон. Ал эми ымыркай ара төрөлүп, тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Бул окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзүүдө.

Ал эми факты боюнча Октябрь РИИБде маалымат жок экени белгилүү болду.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: liter.kz.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15480