Акыйкатчы абактагылардын укуктары бузулган учурлар боюнча тынчсыздануусун билдирди
RU

Акыйкатчы абактагылардын укуктары бузулган учурлар боюнча тынчсыздануусун билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) борбордук аппаратында болуп, абакта кармалгандардын укуктары бузулган учурлар боюнча тынчсыздануусун билдирди. Бул туурасында аталган институттан маалымдашты.

Акыйкатчы ЖАКтын башчысы Аскат Эгембердиев жана кызматкерлер менен жолугушуп, абактагы адам укуктары менен эркиндиктеринин сакталышын камсыздоону жакшыртуу боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Жамиля Жаманбаева акыркы жылдарда Жаза аткаруу кызматтын ишмердүүлүгүндөгү оң натыйжаларды белгилеп, ошол эле маалда соттолуучулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатында бир катар көйгөйлөр бар экенине көңүл бурду.

Акыйкатчы жазаларды аткаруу мекемелериндеги укуктардын сакталышы жана кармоо шарттарын үзгүлтүксүз мониторинг кылуунун маанилүү экенин өзгөчө белгиледи. Ошондой эле ЖАК менен Акыйкатчы институтунун өз ара кызматташуусун күчөтүүнүн зарыл экенине токтолду.

Аскат Эгембердиев Жаза аткаруу кызматынын ишмердүүлүгү мүмкүн болушунча ачык-айкын экенин баса белгилеп, соттолгон жарандардын, камакка алынгандардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо алардын артыкчылыктуу багыттары экенин айтты.

Акыйкатчы жана Жаза аткаруу кызматынын башчысы эркинен ажыратылгандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатындагы баардык маселелер боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишип, ЖАКтын мекемелеринде үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү тууралуу макулдашты.

Эскерте кетсек, Акыйкатчы буга чейин аймактардагы тергөө абактарын кыдырып, камалгандардын кармоо шарттары менен таанышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15490