Акыйкатчы институту журналисттердин укуктарын коргоого чакырды
RU

Акыйкатчы институту журналисттердин укуктарын коргоого чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде болгон тинтүү иштери, басылманын жетекчилигин суракка алуу, ошондой эле башка басылмалардын журналисттерин кармоо боюнча комментарий берди. Аталган институттан билдиришкендей, акыйкатчы укук коргоо, сот жана прокуратура органдарын журналисттердин укуктарын жана эркиндиктерин сактоону камсыздоого чакырды.

Жаманбаева укук коргоо органдарына Конституцияга ылайык, сөз эркиндиги жана өз пикирин ачык билдирүүдөгү жарандардын укуктарын сактоону камсыз кылуунун маанилүүлүгү жөнүндө эскертти. Анткени мындай аракеттер сөз эркиндигине тескери таасирин тийгизет.

Акыйкатчы институту өзүнүн мандатына ылайык, журналисттердин укуктарын коргойт жана мамлекеттик органдарды массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн укуктарын сактоону камсыздоого чакырат.

Акыйкатчы жарандардын өз пикирин эркин билдирүүсү, сөз жана басма сөз эркиндиги кепилденгенин эскертти.

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы (10, 32-беренелер);
  • Адам укуктарынын жалпы декларациясы (19-берене);
  • Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт (19-берене);
  • "Журналисттин кесиптик ишмердигин коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы (4, 8-беренелер).

Жамиля Жаманбаева укук коргоо жана сот органдарын журналисттерге карата чечим кабыл алууда сөз эркиндигине жана маалыматка жетүүдө Конституцияда белгиленген кепилдиктерди жетекчиликке алууга чакырат.

Ошондой эле сот органдарын жана прокуратура органдарын журналисттерге карата укук коргоо органдары тарабынан кабыл алынган жана пландалып жаткан чаралардын мыйзамдуулугуна, тиешелүүлүгү менен зарылдыгына укуктук баа берүү чакырыгы менен кайрылат.

*****

Эске салсак, 15-январда 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, компьютерлер, ноутбуктар жана башка буюмдар алынган. Ошондой эле редакциянын директору, башкы редактору жана шеф-редактору УКМКга суракка берип чыгышкан.

16-январда эртең менен "Айт Айт Десе" жана "Temirov Live`дын" кызматкерлеринин үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, айрымдары ИИМге жеткирилди. Алар:

  • Махабат Тажибек кызы (Temirov Live`дын директору)
  • Сапар Акунбеков ("Айт Айт Десе")
  • Азамат Ишенбеков (акын, "Айт Айт Десе")
  • Сайпидин Султаналиев ("Арча Медиа")
  • Актилек Капаров ("Алга Медиа")
  • Тыныстан Асыпбеков ("ПолитКлиника")
  • Максат Тажибек уулу (Temirov Live)
  • Жоодар Бузумов (Temirov Live`дын мурдагы кызматкери)
  • Айке Бейшекеева
  • Жумабек Турдалиев
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15330