Эми жарандар пенсиянын топтолгон бөлүгүн турак жай сатып алууда пайдалана алышат
RU

Эми жарандар пенсиянын топтолгон бөлүгүн турак жай сатып алууда пайдалана алышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 21-декабрында кабыл алынган.

Максаты - 2 пайыз өлчөмүндө топтолгон пенсиялык каражаттарды колдонуу менен курулуш субъекттеринен жеке турак жай сатып алуу каалоосун билдирген жарандарга мүмүкүнчүлүктөрдү кеӊейтүү жана колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Мыйзамда камсыздандырылган жарандар Министрлер кабинети аныктаган тартипте банктык кепилдиктерди берүүчү курулушчулардан узартып төлөө менен келишимдик негизде турак жайды сатып алууда же сатып алганда, баштапкы жана кошумча төгүм катары пенсиянын топтолмо бөлүгүн көп жолу пайдаланууга укуктуу деген ченем каралган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: stock.adobe.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15496