Пенсиянын топтоо бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда кимдер ала алат? Тизме
RU

Пенсиянын топтоо бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда кимдер ала алат? Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда жарандар пенсиялык топтоолорун эки учурда мөөнөтүнөн мурда ала алышат - мамлекеттик ипотека боюнча алгачкы төлөм үчүн жана дарылануу үчүн.

Социалдык фонд жарыялаган тизмеге ылайык, төмөнкү оорулар пенсиянын топтоо бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда алууга уруксат берет.

  • Tumor Nodus Metastasis эл аралык классификациядагы, 2 клиникалык топтогу II, III, IV стадиядагы бардык зилдеме жаңы шишиктер;
  • Кан оорусу - курч мүнөздөгү лейкоз (бардык түрлөрү), апластикалык аз кандуулук, гемофилия;
  • Кан айлануу органдарынын ооруларынын түрлөрү жана формалары - кабылдаган же тубаса жүрөк кемтиги, жүрөктүн ритминин жана өткөрүмдүүлүгүнүн бузулушу, жүрөктүн өнөкөт коронардык оорусу, анын ичинде өнөкөт аневризми, жүрөк жетишсиздиги менен коронардык ангиопластика жана коронардык шунтирлөө;
  • операция кылууну талап кылган магистралдык кан-тамырлардын бузулуусу менен артериялардын оорусу;
  • облитерацияланган эндартериит оорусунун күчөп кеткен түрлөрү.

Пенсиянын топтоо бөлүгүн дарыланууга алуу үчүн зарыл документтер.

  • алуучунун инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү жана текшерүү үчүн анын түп нускасы;
  • эгерде арыз экинчи жак тарабынан (жакындары) берилсе - пенсиялык топтоолорду алуу үчүн Социалдык фондго кайрылуу укугу бар өкүлгө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат, ошондой эле өкүлдүн инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү жана аны текшерүү үчүн анын түп нускасы;
  • медициналык мекеменин жетекчисинин мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлгөн пенсиялык топтоолорду мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген курч оорулардын бар экендигин тастыктаган маалымкат.

Пенсиялык топтоолордун суммасын билүү үчүн Социалдык фондго кайрылуу керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14958