Токтогулда 26 жаштагы келин сарайда асынып алган
RU

Токтогулда 26 жаштагы келин сарайда асынып алган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токтогул районунда 26 жаштагы келин жипке муунуп каза тапкан. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан редакцияга кабарлашкандай, келиндин сөөгү сарайдан табылган.

Маалым болгондой, 6-февралда саат 20:30 чамасында 1997-жылы туулган келин белгисиз себептерден улам өзү жашаган үйдөгү сарайда пресс жип менен муунуп каза болгон.

Окуя Токтогул РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Келиндин өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бирок туугандары жансыз денени экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкандыктан, акт түзүлгөн.

Учурда келиндин эмне себептен өз өмүрүнө кол салгандыгынын себептерин аныктоо максатында тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15509