Жайылда төрөттөн көз жумган келиндин окуясы. Оорукананын директору кызматтан алынды
RU

Жайылда төрөттөн көз жумган келиндин окуясы. Оорукананын директору кызматтан алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Төрөт учурунда каза болгон аялдын өлүмүнө байланыштуу Жайыл аймактык ооруканасынын директору кызматынан бошотулду. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты

Белгилүү болгондой, министр Алымкадыр Бейшеналиевдин 12-февралдагы тапшырмасы менен Саламаттык сактоо министрлигинде кызматтык иликтөө жүргүзүү жана өлүмдүн себептерин аныктоо боюнча комиссия түзүлгөн.

14-февралда министрликтин №42 буйругу менен Жайыл аймактык ооруканасынын директору ээлеген кызматынан бошотулду.

Мындан тышкары директордун дарылоо боюнча орун басары жана башкы медайым ээлеген кызматтарынан бошотулду. Ошондой эле аталган аймактык оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы окуянын чоо-жайы аныкталганга чейин кызматынан убактылуу четтетилди.

Белгилесек, 10-февралда Жайыл райондук төрөт үйүндө 1988-жылы туулган М.Г. аттуу аял төрөттөн кийин каза болгон. Бул тууралуу милицияга кабар берилип, иликтөө иши башталган.

Анда 36 жаштагы келин 10-февралга караган түнү саат 03:54 чамасында көз жарганы такталган. Төрөттөн кийин абалы начарлаганына байланыштуу операция жасалып, андан кийин каза болгондугу аныкталган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15541