Чүйдө көз жарган келин каза болду. Милиция териштирүүнү баштады
RU

Чүйдө көз жарган келин каза болду. Милиция териштирүүнү баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдүн Жайыл районундагы аймактык оорукананын төрөт бөлүмүндө көз жарган келин каза тапты. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.

Министрликтин башкы адиси Раиса Асылбашеванын айтымында, учурда комиссия түзүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат. "Азыр бардык документтерди алып, карап жатабыз. Азырынча эч нерсе айта албайм. Маалымат такталууда. Кызматтык иликтөө жүргүзүлөт", - деди ал.

Башкы адис кошумчалагандай, каза болгон келин 1988-жылы туулган, ал үй-бүлөсү менен Токтогул районунан көчүп келген.

"Ымыркай канааттандырарлык, бирок апасын жоготуп алдык. Сөөктү экспертизага жөнөтүштү", - деп белгиледи Асылбашева.

Аталган факты боюнча Чүй ОИИББи териштирүү иштерин баштады. Бул тууралуу облустук милициядан Kaktus.kg редакциясына билдиришти.

Башкармалыктын маалыматына караганда, 10-февралда саат 18:10 чамасында Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө райондук төрөт үйүндө 1988-жылы туулган М.Г. аттуу аял төрөттөн кийин каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Билдирүү каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган. Анда 36 жаштагы келин 10-февралга караган түнү саат 03:54 чамасында көз жарганы такталган. Төрөттөн кийин абалы начарлаганына байланыштуу операция жасалып, андан кийин каза болгондугу аныкталган.

Учурда соттук-укуктук экспертиза дайындалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин да эки аял төрөт учурунда каза болгон: Бишкектеги №2 төрөт үйүндө эгиз төрөп жаткан аял каза болгон, андан кийин №4 төрөт үйүндө кесарево учурунда келин көз жумган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15525