Тез жардам борборунун жетекчилиги 18 млн сомдон ашык акчаны кымырып алганга шектелди
RU

Тез жардам борборунун жетекчилиги 18 млн сомдон ашык акчаны кымырып алганга шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын Тез жардам борборунун жетекчилиги миллиондогон акчаларды кымырып алган деп шектелүүдө. Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, мыйзам бузуу Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө аныкталган.

Анда 2022-жылы жана 2023-жылдын 7 айында Бишкек шаарынын Тез жардам борборунун жооптуу кызмат адамдары жана жетекчилиги кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, айлык акы фондуна бөлүндү деген шылтоо менен 18 млн 126 миң сомду борбордун бардык кызматкерлерине төлөбөстөн, өздөрү мыйзамсыз бөлүп алышкандыгы аныкталган.

Мындан сырткары аталган борбордун жетекчилиги дарыгерлерге, орто жана кенже медициналык персоналга айлык акыга кошумча төлөм катары каралган акчаны ай сайын өздөрү да мыйзамсыз алышып, жалпысынан 287 миң сомдук материалдык зыян келтиришкен.

Бул фактылар боюнча 337-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголду. Тергөө жүргүзүү УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгына тапшырылды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15554