Таласта муктаждарга бериле турган каражатты кымырып алган кызматкерлер кармалды
RU

Таласта муктаждарга бериле турган каражатты кымырып алган кызматкерлер кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таласта жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жумшала турган ири өлчөмдөгү акча каражаты бюджеттен мыйзамсыз чыгарылган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашат.

Маалым болгондой, текшерүүдө 2019-2022-жылдар аралыгында "Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасына" жалган маалыматтар киргизилип, муктаж үй-бүлөлөргө жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга багышталган 3 млн сомдон ашуун акча республикалык бюджеттен мыйзамсыз чыгарылгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча 337-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду.

Көрүлгөн ыкчам аракеттердин жыйынтыгында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Талас райондор аралык башкармалыгынын жетектөөчү адиси Х.Л.Н. жана "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомунун Талас райондук филиалынын башкаруучусунун орун басары Т.С.Д. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин Талас шаардык соту тарабынан Х.Л.Н. жана Т.С.Д. карата бөгөт коюу чарасы катары үй камагы тандалып, бүгүнкү күндө мамлекетке келтирилген зыяндын ичинен 2 млн. сом өндүрүлдү. Кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10233