3 жаштагы баланын өлүмү боюнча сот дарыгерлерге карата өкүм чыгарды
RU

3 жаштагы баланын өлүмү боюнча сот дарыгерлерге карата өкүм чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда былтыр 3 жаштагы наристе чарчап калган. Окуя боюнча айыпталган дарыгерлерге өкүм чыгарганын Kaktus.kg сайтына Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

2024-жылдын 15-февралында Ленин райондук соту "Медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай эмес аткаруу" жана "Кызматтык жасалмачылык" беренелери боюнча айыпталган Э.А.А., М.К.Б., А.Г.Э., К.Б.Б., И.Р.О., М.Ж.М.нын кылмыш ишин карады.

Райондук соттун өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгү (Медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарган эмес) боюнча:

  • А.Г.Э., М.К.Б., Э.А.А.нын иш-аракеттеринде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу акталды.
  • К.Б.Б. күнөөлүү деп табылып, белгилүү кызматтарды ээлөө же 2 жылга чейинки мөөнөткө Саламаттыкты сактоо системасында белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 4 жылга эркиндигинен ажыратылды.
  • М.Ж.М. күнөөлүү деп табылып, белгилүү бир кызматтарды ээлөө же 2 жылга чейинки мөөнөткө Саламаттыкты сактоо системасында белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 6 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Ал эми И.Р.О. "Медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай эмес аткаруусу" жана "Кызматтык милдеттерди жасалмалоо" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, саламаттыкты сактоо системасында эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 5 жылга соттолду.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс мыйзамынын негизинде К.Б.Б., И.Р.О. жана М.Ж.М. эркинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жазасынан бошотулду.

*****

2023-жылы 13-ноябрда саат 09:00 чамасында 2019-жылы туулган А.А. аттуу бала №3 балдар ооруканасына түшкөн. Түштөн кийин ал "Тез жардам" кызматы менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна которулуп, кечке маал чарчап калган. Баланын ата-энеси окуяга дарыгерлерди айыптаган.

30-декабрда милиция кызматкерлери Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын (3-балдар ооруканасы) жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлерин кармаганы белгилүү болгон.

Камакка алынган эки оорукананын дарыгерлери январь айында үй камагына чыккан. Кийинчерээк чарчап калган бала министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тууган-туушканы экени белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15560