Ысык-Көлдө мал карап жүргөн жаран кокусунан өзүн атып алган. Аны милиция куткарып калды
RU

Ысык-Көлдө мал карап жүргөн жаран кокусунан өзүн атып алган. Аны милиция куткарып калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө 45 жаштагы киши тоодо мал карап жүрүп өзүн кокусунан атып алган. Милиция кызматкерлери жабыркаган жаранды тоодон көтөрүп түшүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкенин Ысык-Көл ОИИБден кабарлашат.

Маалым болгондой, 19-февралда Корумду тоо тилкесинде октон жаракат алган жаран тез жардамчыларга кайрылып, ээн жерде жатып калганын айткан. Ал эми ооруканадан милицияга кабар беришкен. Билдирүүдөн кийин жабырлануучуну табуу үчүн жерине уюшкан издөө топтору жөнөтүлгөн. Издөө иштерине куткаруучулар жана медицина кызматкерлери да тартылган.

Дээрлик эки саатка созулган издөө иштеринин жүрүшүндө Тоң РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери Акжол Самыйбек уулу менен Адилет Темирканов октон жаракат алган адамды табышкан.

Ал кан жоготуп, сууктан улам абалы оор болуп калган. Жабырлануучу Бөкөнбаев айылынын 45 жаштагы тургуну Мирбек Кошиев экени такталып, окуя болгон жерден 16 калибрдеги сайсыз ок атуучу курал да табылган.

Милиция кызматкерлери биринчи медициналык жардамды көрсөтүшүп, жарадар болгон адамды үч чакырымдай жерге көтөрүп, "Тез жардам" унаасы өтө турган жолдун бөлүгүнө чейин жеткиришкен. Жабырлануучу бул аймакта топоз багарын, кырсык болгон күнү да мал багып, сырт өрөөнүдө болгонун, басып баратканда кардын үстүнөн тайгаланып кетип, оң бөйрөк тушуна мылтык менен ок атылып кеткенин айткан.

Учурда жабырлануучу райондук ооруканада, абалы туруктуу. Бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15591