Сулайман-Тоодон кулап түшкөн кыз ооруканада каза болду
RU

Сулайман-Тоодон кулап түшкөн кыз ооруканада каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунда Сулайман-Тоодон 28 жаштагы кыз кулап, бир нече күндөн кийин каза болду. Мындай маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан Kaktus.kg сайтына билдиришти.

18-январда саат 14:00-15:00 чамасында милицияга Сулайман-Тоодо белгисиз жаран эс-учун билбей жатат деген кабар түшкөн. Жерине ыкчам топ менен "Тез жардам" кызматы барышкан.

Жабыркаган жаран Анар кичи районунун 1996-жылы туулган тургуну экени такталып, ал Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

"Жабырлануучунун алган жаракаты оор болгондуктан 13-февралда каза болуп калды. Окуя боюнча тергөө кызматы иш жүргүзүүдө. Алгачкы маалыматтарга караганда, кыз Сулайман-Тоого чыкканда кокусунан тайгаланып, кулаган. Камералардагы видеодон анын тоого жалгыз барганын көрүүгө болот", - дешти милициядан.

Ош ШИИБден кошумчалашкандай, аталган факты кокустук катары катталып, текшерүү жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15562