Көк-бөрү менен кыргыз күрөш Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына кирбей калды
RU

Көк-бөрү менен кыргыз күрөш Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына кирбей калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов министрликтин жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук мелдештеринин тизмесине кыргыз күрөш менен көк-бөрүнү коштурууга көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Анын айтымында, кыргыздын бул улуттук оюндары программага көрсөтмө мелдештер катары гана кирип калган.

"Мен муну туура эмес деп эсептейм жана сизди бул суроону чечүүгө көмөк көрсөтүшүңүздү суранам", - деди ал.

Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары - бул эң масштабдуу Кыргызстандын дүйнөлүк долбоору. Ал демилге 2012-жылы Кыргызстандын өкмөтү тарабынан көтөрүлүп, 2014, 2016 жана 2018-жылдары оюндар Кыргызстандын Кырчын жайлоосунда жана Чолпон-Атада өткөрүлгөн. 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өтүп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014-жылы 8-14-сентябрь күндөрү Казакстандын Астана шаарында болгону жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15614