Көк бөрү V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилиши мүмкүн
RU

Көк бөрү V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилиши мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстанда өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына көк бөрүнү киргизүү боюнча Кыргызстан менен Казакстан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул туурасында Көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 14-февралда федерациянын президенти Рамис Жунусалиев баштаган Кыргызстандын делегациясы Астанага барган. Анда федерация жетекчиси уюштуруучулар кыргыздын улуттук оюнун программага киргизбей койгонуна өкүнүчүн билдирип, кыргыз эли бул маселеге өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көк бөрү жана көкпар боюнча командаларын алып барууга даяр. Казак тарап диалог жүргүзүүгө макул болуду. Кийинки сүйлөшүүлөр Бишкекте өтөт.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Астанада өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15565