Президенттин атын пайдаланып, кызмат сунуштаган жаран кармалды
RU

Президенттин атын пайдаланып, кызмат сунуштаган жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент менен байланышы бар экенин айтып, жетекчилик кызмат үчүн 50 миң доллар алганга шектүү кармалды. Алдамчылыкка шектелген жаранды Биринчи Май РИИБдин ыкчам кызматкерлери кармашкан.

Такталгандай, 2023-жылдын 21-июнунда Биринчи Май РИИБине Т.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал О.Б. жана Ш Т. аттуу жарандар "региондорунун биринин башчысы кызматына ишке орноштуруп беребиз, президент менен байланышыбыз бар" деп 50 миң доллар алып, кийин изин жашырып кеткенин айтып, чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагынан 1992-жылы туулган О.Б. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Сүрөттөгү жарандын аракеттеринен жабыр тарткандар же кандайдыр бир маалыматы барлар төмөнкү номерлер аркылуу кабар берсе болот. Байланыш номерлери: 0(700) 00-20-20 жана 102.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15651