Милициянын подполковниги 20 миң доллар опузалаганга шектелип кармалды
2587
ИИМдин ыкчам кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, подполковник алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгоо үчүн акча каражатын талап кылган.
slide 2 of 4
Аталган факты боюнча 343-берене (Опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголгон.
Аскер прокуратурасы менен УКМКнын кызматкерлери ыкчам тергөө жүргүзүп, 29-февралда Бишкек шаарынын И.Ахунбаев жана Ж.Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде милициянын подполковниги К.М. жана анын шериктери С.У. жана Т.А. опузалаган акчанын 4 миң долларын пара катары алып жатканда кармалып, камакка алынды.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка жооптуу кызмат адамдарын аныктоо максатында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/15646