Айгүл токочу, өрүк майы жана башка. Баткендин бренд продукциялары тандалды
RU

Айгүл токочу, өрүк майы жана башка. Баткендин бренд продукциялары тандалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде экологиялык жактан таза, натуралдуу продукцияларды дүйнөлүк рыноктун талаптарына ылайык япон технологиясы менен өндүрүү аракеттери уланууда. Президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бир катар продукцияларга сертификаттар берилди.

JICA агенттигинин "Бир айыл бир продукт" долбоорунун алкагында жаңыдан чыгарылган баткендик ишкерлердин продукцияларын Бренд комиссиясы карады.

Отурумга Баткен облусунун башчысынын орун басары, Экономика министрлигинин бөлүм башчысы, Япониянын JICA долбоорунун өкүлү катышты. Ошондой эле район, шаар башчылары жана тийиштүү адистерден турган комиссия сунушталган продукцияларга баалоо жүргүздү.

Комиссия бул ирет өрүк майы, жүзүм ширеси, айгүл токочу, дан куурай ширеси, дан куурай токочу, кургатылган ит мурун, Ак-Турпак күрүчүнө сертификат беришти.

Белгилей кетсек, JICA агенттигинин "Бир айыл бир продукт" долбоорунун алкагында 2023-жылы бир канча продукция чыгаруу пландаштырылган. Бул азыктар экологиялык жактан таза, натуралдуу, уникалдуу продукциялар болууга тийиш.

JICA менен Баткен облусунун кызматташуусунун негизги максаты - өндүрүлгөн продукцияларды рынок шарттарына ыңгайлаштырып, экспорттук потенциалды жогорулатууну көздөйт.

Эске салсак, буга чейин да комиссия кургатылган өрүк кагы, өрүк компоту, сиробу, өрүк данегинен даярдалган косметикалык май жана скраб, желе, мармелад, токочторго сертификат берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15654